Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

18-май күнү жакынкы бир саат аралыгында Бишкек жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырабыз. Кырсык болгон учурда «112» номерине байланышыңыз», — дешти.