Эскертүү! Футболго байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү жабылат

Бишкекте 14-июнда саат 16:00дөн 23:00гө чейин Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндарына байланыштуу айрым көчөлөр жабылат.

Алар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр:

Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү карай — Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү — Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана Патрулдук милиция кызматы камсыздайт.