Эскертүү! Жолдо кайыр сурагандарга жана жарамазан айткандарга айып салынат

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында “Кайырчы” аттуу рейд өткөрөт.

Рейддин максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алууга багытталат, акыркы учурларда жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда. Рейддин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат.

Жолдун кыймылдуу бөлүгүндө унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып жүргөндөр үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси менен 1000 сом көлөмүндө айып салынарын эскертет.