«Европадагыдай». Мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан ТикТокчунун жубайы да Бишкекке келди

Мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан ТикТокчунун жубайы да Бишкекке келди. Ал жубайына Кыргызстан жакканын жазып, видео менен бөлүштү.

Видеодон көргөндөй, жубайы Кыргызстанды Европа менен салыштырган. Ага өлкөнүн дагы 3 нерсеси жаккан. Бул жашыл өлкө болгондугу. Жолдошу айткандай, ал бул өлкөнүн жаз-жай айларындагы жашылды көрө элек. Экинчиси, бийик тоолор. Ага шаардагы түтүнгө карабастан, бийик тоолор жаккан. Үчүнчүсү адамдар. Ага аны карап жылмайган адамдардын жакканын айткан. Алар адамдардын меймандостугун өлкөнүн кооздугу менен байланыштырган.

ТикТокто жана Инстаграмда «sailord77» деген аккаунттун ээси болгон блогер октябрь айында Орусиядагы мобилизациядан улам Кыргызстанга качып келген. Ал Бишкекте ижарага алынган батирден куулуп, акчасын алдап кеткени тууралуу видео жарыялап, элдин көңүлүн өзүнө бурган болчу.

@sailord77Как вам?♬ оригинальный звук — Тот самый парень без попугая