Геннадий Базаровго II даражадагы “Манас” ордени тапшырылды

Кыргыз кино искусствосуна барандуу салам кошуп, калктын маданий жана руханий интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн II даражадагы “Манас” ордени менен УТРКнын “Кыргызтелефильм” чыгармачыл-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку баскычтагы режиссеру Базаров Геннадий Садырович сыйланды.
Президенттин жарлыгы менен ыйгарылган аталган сыйлыкты чыган режиссер Геннадий Базаровго мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев тапшырды.
Геннадий Базаров кыргыз кино искусствосуна алгач “Намаз окуу» жана «Тыныгуу» аттуу киноновелла тартуу менен кирип, 1967-жылы “Кыргыз кереметинин” катарын толуктаган «Саманчы жолу» тасмасын тартып, кыргыз кино тарыхынын казынасына зор салым кошкон. Аталган тасма режиссердун дипломдук иши болгон. Мына ушул ийгиликтүү тасмадан кийин «Буктурма», «Көчө», «Биринчи», «Көз кареги», «Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай», «Айың», «Аномалия» жана башка көркөм фильмдерди, кыска метраждуу документалдык тасмаларды тарткан.