Бишкекте журналистти соттон күч менен алып чыгышты. Сот департаменти эмне дейт?

Govori TV’нын журналистин Бишкек шаардык сотунун имаратынан күч менен алып чыгышкан.

Аталган редакциянын жетекчиси Кайыргүл Урумканованын айтымында, кабарчы Кемпир-Абад окуясы боюнча соттук отурумдарды чагылдырганы барган. Сот аткаруучулар кабарчы Гүлназ Мидинованы кармап, орой түрдө соттун имаратынан алып чыгышкан.

Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти окуя боюнча үн катты. «Сот аткаруучулардын айтымында, сотко келген адам биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы жерге жеке буюмдарын жайып, короодогу унааны тарта баштаган. Ал бул иши менен адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан. Сот аткаруучунун биринчи кабатка түшүү өтүнүчүнө кыйкырып, жаңжал чыгара баштаган. Учурда Бишкек шаардык соттук аткаруучулар кызматынын тиешелүү аймактык бөлүмүнөн билдирүүлөр келип, таратылган видеоматериал, ошондой эле келип түшкөн документтер иликтенип жатат. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — дешти.