Гүлжан Шерипбаева: «24.kg сайтына менин эч кандай тиешем жок»

Соцтармакта 24.kg сайтынын негиздөөчүлүгү Асел Оторбаевадан «Назарньюс» сайтынын редактору катары таанымал Гүлжан Шерипбаевага өткөнү тууралуу сүрөттөр тарады. Бирок аталган сайт жогорудагы маалымат тууралуу үн ката элек.

Ошол эле учурда 24.kg редакциясынын шеф-редактору Махинур Ниязова кызматтан кеткенин билдирди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Гүлжан Шерипбаева менен байланышканыбызда, анын 24.kg сайтына эч кандай тиешеси жок экенин айтты. «24.kg сайтына эч кандай тиешем жок. 1-2 күндө ким болорун билесиңер»,- деди ал.