Гүлшан Молдоева: «Бактыбек Мамытов «жүрөгүм менин түбүмө жетет го» деп көп айтчу»

Бүгүн, 21-майда белгилүү диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Белгилүү диктор Гүлшан Молдоева кесиптешин эскерип, Бактыбек Мамытовдун аты эч качан өчпөйт деп ишенерин айтты.

«Бүгүн мен үчүн өтө оор күн. Кыргыз элинин балбылдап жанган жылдызы өчтү. Төгөрөгү төп келген, өң десе өңү бар, үн десе үнү бар, бой десе бою бар жаркыраган жылдыздуу, ажарын чачып турган акылдуу жан эле. Экөөбүз 44 жыл бир жолдо үзөңгүлөш иштештик. Ар бир жүргөнү, турганы, сүйлөгөнү, кылган мамилеси дайыма жүрөгүмдө сакталат. Мен эле эмес, кыргыз элинин жүрөгүндө сакталат. Кыргыз эли жашап турганда Бактыбек Мамытовдун аты эч качан өчпөйт деп ишенем. Экөөбүз 44 жыл ичинде не деген гана көрсөтүүлөрдү, иш-чараларды алып барбадык. Бир жолу да чарчадым дебей, жумушка майрамдагыдай келчү. Бактыбек жүрөгү менен иштечү. Ооруп жаткан жүрөгү ошол учурда толкунданып, «өзүмдү жакшы сезип калам» дечү. Байлык, дүнүйөнүн артынан кууган жок. Жан-дүйнөсүн микрофонго арнады. «Жүрөгүм менин түбүмө жетет го» деп көп айтчу», — деди ал.