Гүлзат Мамытбек: «Балдарымды 3 жыл мурда көргөм. 18 жашка чыкканда өзүлөрү келишет»

Балдарым атасында. Талашып, ызы-чуу болуунун кереги жок деп чечтим. Мен салып берген үйдө жакшынакай жашап жатышат. Бул тууралуу блогер Гүлзат Мамытбек SUPERTV каналына маек берип жатып билдирди.

«Балдарымды акыркы жолу 3 жыл мурда көргөм. Алар менен сүйлөшсөм, балдарды кыйноо башталат. Ортодо балдар чайналат. «Сен апаңа минтип сүйлө» деп түнү менен башын оорутат экен. 18 жашка чыкканда балдарым өзү учуп келет»,- деди ал.