Хабиб Нурмагомедов менен Ислам оюндарында медаль жеңген кыздарды Бишкекте кандай тосуп алганын талкуулап жатышат

Социалдык тармактын колдонуучулары мушкер Хабиб Нурмагомедов менен Ислам шериктештик оюндарында медаль жеңген кыздарды Бишкекте кандай тосуп алганын талкуулап жатышат.

Хабиб Нурмагомедовду аэропортто улуттук кийим кийген кыздардын боорсок менен тосуп алганын көрүүгө болот. Андан соң, ресторанда коноктошкон. Кийинчерээк ага орусча төккөн акындардын видеосу жарыяланган.

Бир нече күндөн кийин Түркияда өткөн Ислам шериктештик оюндарында эркин күрөш боюнча медаль жеңген Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү Кыргызстанга кайтып келишкен. Аларды боорсок көтөргөн кыздарсыз эле, жупуну тосуп алышканын жазышууда.