ИИМ Чуңкурчактагы салтанатка 40 миңден ашык жаран катышканын билдирди

Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чарага 40 миңден ашык жаран катышып, 10 миңден ашык унаа катталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Республиканын аймагында жана Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чаралар коомдук тартипти бузуусуз өттү. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматчылары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөштү, бул коомдук тартипти коргоонун тийиштүү деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берди. Укук коргоо кызматкерлери жарандардын жеке, мүлктүк жана жолдогу коопсуздугун камсыздоого басым жасады. Өлкөдөгү ыкчам кырдаал тынч, массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде өзгөчө кырдаалдарга жана кырсыктарга жол берилген жок.

Коопсуздукту камсыздоого тартылган милиция кызматкерлери жогорку уюштуруучулук деңгээлде иштешип, майрамдык маанайды эч нерсе бузбай, республиканын тургундары жана коноктору көңүлдүү эс алуусу үчүн бардык аракеттерди көрүштү»,— дешти.