ИИМ: «Жаңы жылга карата жол кире акы көтөрүлбөйт»

Жаңы жылга карата жол кире акы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

ИИМдин ЖКККББнын орун басары жектекчиликтин тапшырмасы менен автобекеттерге барып, шаар аралык каттамдарга каттаган маршруттук жана жеке таксилерди текшерүүгө алды.

Айрым айдоочулар жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алгандыктан, алардын фирмаларынын жетекчилери менен жолугуп, эскертүү берүү менен өз алдынча көтөрүп алышкан жол кире акыларын мурдагы бекитилген тарифине түшүрдү.