ИИМ: «Күзөт кызматынын эмгек акысынын үстөк акча маселеси жакынкы арада чечилет»

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын үстөк акча маселеси жакынкы арада чечилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Күзөт кызматы өз ишин “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзөт, анда “Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга” деп көрсөтүлгөн. ИИМдин Күзөт кызматы жөнүндө жобого ылайык, менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен кармалат», — деп айтылат маалыматта.

Күзөт кызматы жөнүндө жобонун 19-пунктунда акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтер күзөт кызматынын бөлүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон минималдуу нарктын чегинде түзүлөрү белгиленгенин билдиришти.

«Мында тарифтерди түзүү акы алууга баалардын прейскурантына ылайык, өкмөттүн токтому менен бекитилген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү методикасы жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөрүн, башкача айтканда ИИМдин Күзөт кызматынын күзөт кызматын көрсөтүүгө болгон баа саясаты катуу мамлекеттик жөнгө салынаарын белгилей кетүү керек. Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан күзөт кызматын көрсөтүү келишимдерди кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине 1-октябрдан баштап үстөк пулдары толук көлөмдө кайра эсептөө жүргүзүлөт. ИИМдин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн айырмаланып, ИИМдин Күзөт кызматы республикалык бюджеттен каржыланбай тургандыгын эске алуу зарыл», — дешти.