ИИМ: «Унаа» мекемесинде жана тейлөө борборунда система иштебей калып жатат»

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Бүгүн, 25-майда «ЕРП» системасындагы убактылуу мүчүлүштүктөрдөн улам «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жана мамлекеттик тейлөөнү камсыздоо борборлорунда иш токтоп калып жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Учурда бузулуулар себебин жоюу иштери жүрүүдө. Жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Борборлордун жана мекемелердин иши боюнча суроолор менен 996 999 809 877 жана 0312 369417, 369418 байланыш телефондоруна кайрылсаңыздар болот», — дешти.