Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

ИИМдин 9 айдагы ишинин жыйынтыгы. Министр кызматкерлерге 14 тапшырма койду

11:41 13.11.2021
0
ИИМдин 9 айдагы ишинин жыйынтыгы. Министр кызматкерлерге 14 тапшырма койду

Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция кызматкерлеринин алдына 14 тапшырма коюп, кынтыксыз аткарылуусун талап кылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

12-ноябрда ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Анда ички иштер министри Улан Ниязбеков сөзүнүн аягында милиция кызматкерлеринин алдына негизги маанилүү 14 тапшырма коюп, анын кынтыксыз аткарылышын талап кылды.

— коллегияда каралган маселелердин алкагында айтылган кемчиликтер кыска мөөнөттүн ичинде жоюлсун;
— президент койгон 4 талабынын негизинде, Ички иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн “Иш-мерчемдин” аткарылышы биринчи жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынсын;
— ушул жылды ийгиликтүү жабуу максатында азыртадан баштап тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, иштер алып барылсын;
— жер-жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл арасында резонанс жараткан окуяларды алдын алуу үчүн профилактика иштери күчөтүлсүн;
— жол кыймылынын коопсуздугу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тараптан жасалган кылмыштар, алдамчылык, уурулук, үй-бүлөлүк зомбулук жана башка ушул сыяктуу элдин социалдык-турмуш тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштар менен жоруктарга бөгөт коюу үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар менен бирге тыгыз байланышта иш-чаралар күчөтүлсүн;
— элдин арыз-даттануулары өз учурунда каралсын. Элдин кайрылууларын себепсиз создуктуруу, өз учурунда көңүл буруп карабай коюу, жарандарга орой мамиле жасоо, кызматкерлердин өз милдеттерин аткарбоо деген көрүнүштөргө жол берилбесин;
— элге сервистик тейлөө көрсөтүү иштери күчөтүлсүн. Жылдын аягында кайсы райондук же шаардык бөлүмдөр кандай деңгээлде сервистик тейлөө көрсөтүлгөндүгү тууралуу маселени карап, жыйынтык чыгарабыз, ошондуктан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулсун;
— санариптештирүү менен заманбап тейлөө сапатын жогорулатып, элдин жашоосуна жана коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жаткан баардык учурларга бөгөт коюу үчүн ар бир райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрү өздөрү тейлеген аймактарга, анын ичинде айылдарды бириктирген көчөлөргө, коопсуз деп эсептелген участокторго, стратегиялык маанидеги негизги жолдорго, коомдук жайларга видео-камераларды орнотуу иштери колго алынсын;
— биринчи жетекчилер жеке көзөмөлгө алып, ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү милициянын аймактык инспекторлору жана милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери күнүгө эл арасына чыгып, эки багытта иш алып барышсын:
— жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону чыңдоо үчүн 10 күндүк мөөнөттө “Комплекстүү иш-чаралар мерчеми” иштелип чыгып, Министрлер кабинетине сунушталсын. Анын ичинде, авто-мектептердин ишмердигин күчөтүү, эл ташуучу унаалардын иштөө тартибин белгилөө, жарандарды ташуу процедураларын аныктоо, коопсуздук лицензиялык уруксат берүү тутумун ишке ашыруу жана башка ушул багыттардагы адам өмүрүнүн коопсуздугун камтыган маанилүү учурлар эске алынсын;
— Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери жана шайлоо учурунда коомдук тартип бузууларга, элдин добушун сатып алууларга, шайлоого тоскоолдук жаратууларга, ар түрдүү чагымчыл аракеттерге жол берилбесин;
— шайлоого байланыштуу элге жат көрүнгөн мыйзам бузуулар боюнча ким гана болбосун ээлеген кызматына, статусуна же башка жагдайларына карабастан мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлсүн;
— бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын. Бул талапты баардык кызматкерлерге жеткирип коюңуздар жана күнүгө болуп өтүүчү нускамаларда кызматкерлердин эсине салып туруңуздар. Кимде ким шайлоого аралаша турган болсо, ошол замат ички иштер органдарынын катарынан токтоосуз биротоло бошотулсун;
— кайсы бир аймакта шайлоо учурунда массалык башаламандык же коомдук тартипти одоно бузуулар орун ала турган болсо, анда ошол аймакты тейлеген жетекчилер андан ары кызматтан кете берсеңиздер болот. Ошондуктан, күнүгө эл арасына чыгып, профилактика иштерин жүргүзүп, шайлоону тынч өткөрүү боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:48 23.12.2025
0

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Автор Эдита Ильясова
16:43 23.12.2025
0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Автор Эдита Ильясова
15:53 23.12.2025
0

Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:57 23.12.2025
0

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 23.12.2025
0

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү