Бүгүн, 13-декабрда саат 06:50 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунан чалуу түшкөн. Анда борборго эркек кишинин эс-учун жоготкон абалда түшкөнү айтылган.
Ооруканага милиция кызматкерлери барып, жарандын 1977-жылы туулган Сыргак Айткурманов экенин аныкташкан. Ал «баш мээнин жабык жаракаты» деген алдын-ала диагноз менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын жанынан аты-жөнүн тастыктоочу документтер, паспорт, айдоочулук күбөлүк жана iPhone маркасындагы уюлдук телефон табылган.
Факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын Бишкектеги Гоголь менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен табылганы, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгени аныкталган. Саат 12:00 чамасында ал эс-учуна келбей көз жумган. Экспертизада алдын ала соттук-медициналык диагноз коюлган: «Боордун өнөкөт оорусу. Веналарынын кеңейиши. Ашказан-ичегиден кан агуу. Маллори-Вейс синдрому».
Буга чейин Кактус.кж өз булагына таянуу менен ИИМдин ардагери токмоктолуп каза болгонун жазып чыккан эле.