Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырган. Үч эмге турак-жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1миллион 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бир уул, эки кыздан турган үч эмди жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген.
31-мартта Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эм төрөгөн.