Иликтөөчү журналист Болот Темиров аны кармагандагы видео менен бөлүштү. Видео көзөмөл камералардан алынган.
- Temirov LIVE каналы 20-январда «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» деген иликтөө жарыялаган. 22-январда аталган каналдын кеңсесинде укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, кийин иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишкен. Ушул эле күнү аталган каналда иштеген төкмө акын Болот Назаровдун да кармалганы маалым болгон.
- 23-январда Темиров менен Назаровдун тарапташтары ИИМдин жана Бишкек ШИИББинин жанында алардын бошотулушуун талап кылган митинг өткөрүшүп, экөө тең эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Милициянын маалыматы боюнча, иликтөөчү журналист менен төкмө акын сатуу максаты жок баңги затын мыйзамсыз даярдоого жана аны колдонууга көндүрүүгө шектелүүдө.
- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Назаровдун канынын анализинен баңгизат бар болуп, ал эми Темировдун канынын анализи таза болуп чыккан.