Илимдер академиясында «Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи» деген кеңеш өттү

Кечээ, 18-апрелде Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда “Айтуучулук өнөрдүн күнгөй-тескейи” аталышындагы республикалык деӊгээлдеги кереге кеӊеш уюштурулду. Бул тууралуу Илимдер академиясынан билдиришти.

«Анда учурдагы айтуучулук өнөрдүн уланмалуулугу, айтуучулук мектептин жоктугу, айтуучу менен аудиториянын карым-катышы, элдик эпикалык мурасты өзгөчө кенже эпосторду, дастандарды айтуучулардын жеткиликтүү болбой жатышы жана башка маселелер талкууланды. Жыйынга айтуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, изденүүчүлөр, маселеге кызыккан жарандар катышты», — деп айтылат маалыматта.