Токио шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк XXXII Олимпиаданын алкагында уюштурулган Спорт министрлеринин жыйынына Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты. Жыйынды Япониянын Маданият жана спорт министрлиги уюштурган. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйынга Олимпиадага катышкан бардык өлкөлөрдүн Спорт министрлери чакырылган. Жолугушууда Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи сөз сүйлөп, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирген. Жыйын Япониянын маданиятын жана спортун чагылдырган көрсөтүү менен уланган.
«Министрлердин жыйынынан соң Кайрат Иманалиев Япониянын маданият жана спорт министри Хагиуда Коичи жана Токио Олимпиада жана Паралимпияда оюндары министри Марикава Тамауа менен жеке жолугушуп, Дүйнөлүк XXXII Oлимпиаданын Токиодо ийгиликтүү өтүп жаткандыгы менен куттуктады»,- деп айтылат маалыматта.
Тараптар Кыргызстан-Япония маданий жана спорттук кызматташуу маселелерин талкуулашкан.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...
"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...
Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....