Индиядагы поезддердин кагылышуусу. Жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Индиянын Одиша штатында поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 300 адамга жеткен. Поезддер 2-июнда Баласор шаарына жакын жерде кагылышкан. Темир жол жетекчилигинин жаңыланган маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен каршы жолго чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен дагы үч-төрт вагон рельстен чыккан.

Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Кыргызстандын элчилиги көзөмөл жүргүзүп жатканын, учурда жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары катталбаганын билдиришти.