Интернет жылдызы Саадат Жыргалбекова көз жарды

Кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнүн арасында белгилүү чыгармаларды кавер түрүндө аткарып, көпчүлүккө белгилүү болгон Саадат Жыргалбекова көз жарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

«Мен бүгүн, 19-май күнү саат 15:30 чамасында көз жардым. Ымыркайымдын салмагы 3 килограмм 450 грамм, бою 52 сантиметр экен. Менин сезимдеримди эне болгондор гана түшүнөт. Атын атабыз коёт. Төрөтканадан жакын арада чыгып калабыз деген ниеттемин», — деди ал.