Интернетте Камчы Көлбаевдин жубайымын деген аял видео кайрылуу жасады

Интернетте кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жубайымын деген аял видео кайрылуу жасады. Ал Тикток социалдык тармагында бүгүн, 7-октябрда жарыяланды.

Аялдын айтымында, ал Камчы Көлбаевге турмушка чыкканда жолдошу карапайым жигит болгон жана эч кандай макамы болгон эмес. Ал Камчы Көлбаев менен экөөнүн алты баласы, сегиз небереси, эки келини жана үч күйөө баласы бар экендигин билдирген. «Чет жерде эч кандай эсептерибиз жок, ал үй-бүлөсүнө эч кандай миллиондорду таштаган жок», — дейт ал.

4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн. 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт» деген. Ошол эле күнү “Сакал” каймана аттуу кримтөбөл “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартканын айтса, 6-октябрда «Женго» каймана аттуу кримтөбөл эч кандай макамы жок экенин билдирген. 7-октябрда Камчы Көлбаевдин жеке жан сакчысы катары таанымал «Узун Улан» каймана аттуу Улан Барчакеев дагы криминалдык макамдан баш тартты.

@vdovakolbaevakamchy♬ оригинальный звук — Вдова Көлбаева Камчы
@vdovakolbaevakamchy♬ оригинальный звук — Вдова Көлбаева Камчы
@vdovakolbaevakamchy♬ оригинальный звук — Вдова Көлбаева Камчы