Буга чейин социалдык тармактарга ӨКМдин Ысык-Көлдүн жээгине конгон тик учагынын видеосу тараган. Маалыматка караганда, тик учак Чок-Талдагы пансионаттардын бириндеги көл жээкке конгон.
ӨКМ бул боюнча маалымат берди. «25-июль күнү Airbus-145 тик учагы менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор ижарага алып учушкан. Учуу убактысы 5 саат 20 мүнөттү түзгөн. 17-июль күнү түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн», — дешти.