Ирина Карамушкина: «Атамбаевди Кой-Ташта үй-бүлөсү жана үйү тосуп алууга даярданып жатат»

«Кой-Ташта үй-бүлөсү жана үйү тосуп алууга даярданып жатат». Бул тууралуу экс-депутат Ирина Карамушкина жазып, сүрөттөрдү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Буга чейин Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн. Ал эми санаалаштары абактын алдына чогулушту. Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевди дарылануу үчүн чет жакка чыгууга уруксат берди.