Иса Өмүркуловго экинчи операция жасалды. Анын боорун алмаштырышкан

Депутат Иса Өмүркуловго дагы бир жолу операция жасалды. Операция 9 саатка созулуп, жыйынтыгы ийгиликтүү аяктаптыр. Бул тууралуу соцтармакка Адилет Калыгулов жазып чыкты.

«Жакындарынын айтымында, Иса Шейшенкуловичтин боор этин алмаштырышкан (трансплантация печени). Азыркы учурда абалы туруктуу. “Жаман күндөр артта калып, жакшылыктар алдыда” деди Толкун жеңебиз. Ага улай, жакынкы күндөрү Кыргызстанга учуп келишерин кошумчалады», — деп жазды ал.

Июль айында Түркияда ага биринчи операция жасалган. Анын боор оорусу менен жабыркап келгени маалым болгон.