«Иштейм деп кеткен». Жалал-Абадда Зуура Маматова июнь айынан бери дайынсыз

Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын тургуну 1987-жылы туулган Зуура Маматова 2022-жылдын июнь айында үйүнөн иштейм деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда Маматова Зуура Жаныбековнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү толмоч, кара жүздүү.
Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03747) 5-01-02, 0709 00 55 89, 0228 70 78 01 номурларына чалсаңыздар болот.