Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Балыкчы-Барскоон-Каракол унаа жолунун курулушу кечеңдеп жатканына байланыштуу күтүүсүз барып, таң эрте текшерүүгө алды.
Учурда жолдун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки аралыгын «Арек Строй» компаниясы куруп жатат. Ведомство жетекчиси таңкы саат 07:00дө жогоруда аталган тилкеге барганда эч ким болгон эмес.
Убакытты туура колдонуу менен элдин ыңгайына карап жумуш жүргүзүүнү тапшырган министр жетекчилерден иш ыргагын ыкчамдатууну талап кылды. «Эмнеге баштабайсыңар? Саат канча болду? 6да баштагыла. Мен жарым сааттан бери жүрөм, бир техника чыга элек. Баары чаң, суу сепкиле да», — деди ал.