Тышкы иштер министрлиги Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.
Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн мекендештер менен байланышта.
Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Испаниянын Валенсия шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 50дөн ашык адам каза болгон.