14-сентябрда SUPERTV’нын “Ачкалыктан иттин этин жегенге аргасыз болдук” деген каармандарына байланыштуу интернетте түрдүү маалыматтар тарады. 24.kg маалымат агенттиги Эмгек министрлигине таянып, үй-бүлөгө 1 миллион 200 миң сом чогулганын жазды. Министрлик “муктаж үй-бүлөгө жумуш сунуштасак, алар жумуштан баш тартты” дешти. Дал ушул жана башка сөздөрдүн чын-төгүнүн билүү үчүн биз Акышовдордун үй-бүлөсүнө микрофон сундук.
«1 миллион 200 миң сом акча чогулган жок, 630 миң сом болду. Ал сумма оюбузда да жок болчу. Жумуш боюнча сунуш болгон. «Тазалыкта» иштейсиңби?» деди. Мен «ооба» дедим. Келинчегиме мектептен сунушталды. Келинчегим ооруйт, ызы-чууга чыдабайт. Иштен баш тартты. Мен иштейм. Азыр ишке чыга элекмин. Мага 2 күн мурун квартал башчы сунуштады. Айлыгы 30-40 миң сомдун тегереги», — деди ал.