Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган Алиева Зумрад Тахировна изделип жатат. Кечээ, 17-ноябрда кыздын ата-энеси аны саат 07:35те мектепке алып барышкан, бирок кыз сабактарга катышкан эмес. Ошол боюнча дайынсыз болуп жатат.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, көздөрү кара, кыска, орто дене түзүлүштө, оң кулагында 3, мурдунда бир пирсинги бар.
Өзгөчө белгилери: ак түстөгү толстовка, кара шым, кара куртка, кара баш кийим, кара сумка.
Кимде-ким сүрөттөгү кызды көрүп-билген болсо, 0(312) 22-15-58, 0(701) 02-23-59 нормурларына кабарлап койсоңуздар болот.












