Жайылда ооруканага жеткирилген 6 жаштагы кыз көз жумду

Жайыл районунда 6 жашар кыз каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова тастыктады.

Анын айтымында, кыздын организмине суунун жетишсиздиги, бронхопневмония, кант диабети, сепсис оорулары болгон. Мындан тышкары, кызга өнөкөт туура эмес тамактануу жана ичегиден тамак өтпөй калган деген диагноз коюлган. Белгилүү болгондой, кыз социалдык жактан аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөдөн. Укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.