«Жакшысын да, жаманын да жазып жатам». Журналист Семетей Талас уулу УКМКнын имаратынан чыкты

«Мыйзамсыз эч нерсе болгон жок. Тинтүүгө да соттун уруксаты бар экен», — деди УКМКдагы сурактан чыккан журналист Семетей Талас уулу. 

«Күбө катары дешкенинен жактоочу алган жокмун. Баары мыйзамдуу болду. Мен саясатчынын жаманын да, жакшысын да жазып жатам. Туура эмес кылса жазыш керек. Жакшы иш кылып жатса, аны да жазып жатам. Эми экспертиза чыкса, кайра келем. Баары жайында экен деген сөз айтышат деген үмүтүм чоң. Мурда пост жазганда деле келишчү. Анда ачык эле күчөп жазып атасыз деп айтышчу. Мен чыккандан кийин да сындай берем», — деди ал.

Буга чейин журналисттин жубайы аны күч кызматкерлери кармап кеткенин айткан. Ал эми кайненеси үйүндө тинтүү болгонун билдирди. УКМКдан журналисттин экстремисттик материалдарды жайылтуу фактысы боюнча атайын кызматка жеткирилгенин маалымдашты.