Жактоочу Бишкекте 2 балалуу жалгыз бой эненин алданып калганын айтты

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жактоочу Шердор Абдыкапаров Бишкекте 2 балалуу жалгыз бой энени киши алдап кеткенин айтты.

«Мага 2 балалуу аял кайрылып, С.А. аттуу киши менен таанышып, сүйлөшө баштаганын айтты. Келиндин «азык-түлүк сатуучу кичинекей дүкөн» ачам деп, чогултуп жүргөн 280 миң сому болгон. Аны уккан жаран ишенимине кирип, «ижарага жер алып, товар сатып алам» деп, акчасын алып кеткен. Ал киши акчаны алган күнү эле Москвага кетип калган. Кийин аял ага алдангандар көп экенин билген», — деп жазылат маалыматта.