Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын имаратынын жанына 23-августта “Сакал” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакындары чогулду.
ЖАК өкүлү үч жакын тууганын имаратка алып киришкен. Калгандары сыртта күтүп калышты.
Буга чейин жактоочусу жана жубайы аларга себебин түшүндүрбөй анын Нарындагы СИЗО-4тен СИЗО-1ге которулуп жатканын айтып чыгышкан. Алар «Сакалдын» өмүрүнө кооптонушууда.