«Жакында эле ата болгон». Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон 23 жаштагы жигит тууралуу кошунасы айтып берди

Кечээ, 22-августта ӨКМ Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондордун тизмесин жарыялады. Алардын арасында 1999-жылы туулган Кутманали уулу Сыймыкбек да бар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кошунасы маркум тууралуу айтып берди. «Бул үйдөгү бир туугандардын экинчиси Сыймык болчу. Жакында эле ата болгон экен. Баласын колуна алып, жыттабай кетти. Сыймык менин кошунам эле. Эч бир жаман сапаты жок болчу. Көр тириликтин айынан Москвада эмгектенет болчу. Ата-энеси мыкты адамдар. Бул оор сыноону кантип көтөрөт эми деп жүрөгүм ооруп турат», — деди ал.