Өлкөдө жакында жер-жемиштин баасы турукташат

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жана департаменттин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери Сары-Өзөн жана Орто-Сай базарларында баалардын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча чараларды көрүштү.

Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, агенттиктин жетекчилиги жана Чүй менен Бишкектеги бөлүмдүн кызматкерлери базар кыдырып, сабиз, картошка жана башка жашылчалардын баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. «Жакын арада жаңы түшүм болот, ошондо баалар турукташат», — деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы органдын кызматкерлери базарларда жана соода түйүндөрүндө өлкөнүн бүткүл аймагында күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишерин кошумчалашты.