Жалал-Абад облусундагы жол кыймылды көзөмөлдөө үчүн 10 унаа берилди

Бүгүн, 2-мартта Жалал-Абад ОИИБге ИИМден Жалал-Абад облусундагы жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн бөлүнүп берилген Шевролет Нексия үлгүсүндөгү атайын жабдылган 10 даана кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган унаалар облустун алыскы делген Чаткал районунан тартып, Бишкек-Ош жолун тейлеген шаар-райондорго жана облустук жол көзөмөлдөө тобунун кызматкерлерине бекитилип, ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев ачкычтарды тапшырып жатып: «Бул кызматтык автоунаалар сиздерге элибизге жана жол кыймылын көзөмөлдөөдө кызмат кылууга берилип жатат. Андыктан айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин мыкты деңгээлде жүргүзүп, сылык мамиле жасап, ак ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүңүздөр», — деди.