Жалал-Абадда 10 күндөн бери дайынсыз болуп, изделип жаткан өспүрүм Оштон табылды

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Абдумалик Султанбаев 3-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткан. 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан уулун таппай айласы кеткен апасы милицияга жана коомчулукка жардам сурап кайрылган эле.

Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана балдардын укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан бала табылып, Сузак РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал Ош шаарынан Сузак РИИБге алып келинип, апасынын карамагына тапшырылды.