Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм 10 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
31-март күнү Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ, 10-аперлде издөө иштерин улантуу максатында 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес.