Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз табылды

Жалал-Абад шаарынын 14 жаштагы тургуну Айбийке 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында мектептен окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Буга байланыштуу 29-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан дайынсыз болуп жаткан кызды табууга коомчулукту көмөктөшүүгө чакырган маалымат таратылган.

Маалымат ЖМК жана социалдык тармактарга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандардан Айбийке тууралуу маалыматтар милицияга келип түшкөн. Бүгүн, 1-мартта ал Таш-Көмүр шаарынан табылып, Жалал-Абад шаарына милиция кызматкерлери тарабынан жеткирилген.