Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү 50 адам издеп жатат (сүрөт)
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болуп жатканын билдиришкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jalal-abadda-14-jashtagy-ospyrym-daiynsyz-bolup-jatat/">билдиришкен.
31-март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бүгүн, 4-апрелде издөө иштерин улантуу максатында Базар-Коргон райондук №78 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, кошумча ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="172868,172869,172870,172871,172872"]