Жалал-Абадда эми милиция кызматкерлери ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Базар-Коргондо ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Жеӊишбек Абитов Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуп, базарларда, соода маркеттеринде ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жолугушуу учурунда жергиликтүү ишкерлерге көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу зарылдыгын айтып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошууга чакырды. Ар бир жаран ишкердиктен түшкөн пайданы жашырбашы керектигин айтып, салыкты өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти. Мамлекеттин казынасына түшкөн акча каражаты максаттуу пайдаланылып, коопсуздук, эмгек акы, социалдык маселелерди чечүүдө колдонулуп келе жатканын белгиледи.

Мындан сырткары милицияга байланыштуу кандай гана маселе болбосун жеринде чечүүгө аракет кылаарын, жарандардын арыз-даттануулары милициянын көчмө кабылдама унаасында дагы кабыл алынаарын айтты.