Жалал-Абадда массалык уулануу катталды

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар ооз ачуудан кийин ууланып, 12 адам облустук ооруканага кайрылышкан. Анын ичинен 10 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, экөө ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облустук ооруканасынан билдиришти. 

Дарыгерлердин айтымында, облустун ар кайсы райондорунан келген тургундар Сузак районунун Саты айылындагы эс алуу жайына ооз ачарга чогулушкан. «Алар тамак-аш, анын ичинде куурулган балык буйрутма кылышкан. Эртеси ооруканага кайрылышкан. Алардын 10у экспертизадан кийин коё берилген. Экөө ооруканада калып, бирок эки күндөн кийин үйлөрүнө чыгарылды», — деп билдиришти аймактык ооруканадан.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 26-марттан тарта  эс алуучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, ээсине 23 миң сом айып салынганын билдирди.