Жалал-Абадда милиция кызматкерлери айымдарга гүл таратты (видео)

Жалал-Абад ШИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы милициянын көчмө кабылдама унаасында 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташты. Кызматтык унааларга гүлдөр коюлуп, майрамга карата жасалгаланган.

Жалал-Абад ШИИБдин башчысы Мирлан Батыров аялзатынын коомдо өзгөчө орду бардыгын жана бейиш эненин таман астында экендигин белгилеп, айымдарга позитивдүү маанай тартуулоо максатында иш-чара уюштурган. Майрамдык белек менен катар профилактикалык жумуштар дагы жүргүзүлдү.

Милициядан белек алган айымдар кубанып, жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылыгын билдиришти.