Жалал-Абадда санитардык норма сакталбаган тамактануучу жайлар жабылат

Жалал-Абадда санитардык эрежелерди сактабаган коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Бүгүн, 1-июль күнү Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын отуруму өттү. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, комиссиянын мүчөлөрү катышып, тез татым жайларындагы уулануулардын себептери жана алдын алуу чаралары талкууланды. Шаар мэри 54 адамдын уулануусуна себепчи болгон “Ага-ини” жана “Таж-Махал” тез татым жайларын убактылуу жабуу менен бирге шаардагы бардык коомдук тамактануучу жайлардын, кафе-ресторандардын, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди саткан жайлардын санитардык абалын текшерип, санитардык эрежелер сакталбаган бардык жайларды убактылуу жабуу тапшырмасын берди.

27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини” жана “Таж-Махал” тез татым жайларынан тамактанган 54 адам ууланып, алардын 34ү облустук ооруканада дарыланууда. Ал эми калган бейтаптар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.