Жалал-Абадда согуш ардагери менен концлагер туткунунда болгон жаранга акча тапшырылды

Бүгүн, 8-май күнү Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы жалгыз согуш ардагери Сафин Гаффан менен концлагердин туткуну Валентина Симоненкого президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сомдон акча каражаты тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Акча каражатын шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаты Максат Жусупбеков тапшырып, ардагерлерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Жалал-Абад шаарынан Уулу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашууна адам барып, анын 5024 кайтып келген. Учурда калаада бир согуш ардагери, бир концлагер туткуну жашайт.