Жалал-Абадда темир жолдун жанынан эс-учун жоготкон жаш кыз табылды

11-март күнү саат 03:10 чамасында милицияга телефон чалуу болуп, анда Жалал-Абад шаарындагы темир жолдон өтүп 50 метр аралыкта жолдун ортосунда 20-25 жаштагы кыз акыл-эсин жоготуп, өзүн билбей жаткандыгын кабарланган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынан маалымдашты.

Натыйжада аты-жөнү такталбаган кыз ооруканананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган жана жанында эч кандай документ болгон эмес. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жакын жерлерде жайгашкан видеокамералар каралып, окуяга тиешеси бар видеотасмалар алынган. Учурда ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.