Жалпы 6 мектеп. Чүйдө дагы 2 мектеп карантинге жабылды

Чүйдө дагы 2 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бердыбеков атындагы мектеп жана Кайырма мектеби жабылган. Буга чейин Түштүк Ала-Арча орто мектеби, Лебединовкадагы №1 жана №2 орто мектептери жана Ала-Арча орто мектеби жабылганы маалым болгон.