Шейшемби, 17.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат

18:23 17.10.2024
0
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.

ЖОЖдорго абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт. ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана катыша алышат. 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого катыша алышпайт. Мурдагы жылкы жана 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү (МЖБ) өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүндүк алуулары зарыл. Өздүк баракча ачуу мүмкүндүгү паспортуңуздун жана орто билим алгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн аттестатыңыздын (диплом) түп нускаларын жеке өзүңүз көрсөткөндөн кийин гана жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан берилет.

1. Мүмкүндүктү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден алуу керек.

2. Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн сизге төмөндөгүлөр керектелет: уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү. Телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет. Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз). Каттоонун онлайн бланкын толтуруу нускамасын жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен аласыз.

ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ же ЖРТга КАТТООСУ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕР ТЕСТКЕ КИРГИЗИЛБЕЙТ.

Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу милдеттүү. Жогорку окуу жайлардагы бош адистиктердин тизмеси менен testing.kg сайтынан тааныша аласыз. Каттоо боюнча нускамаканы testing.kg сайтынан көрсөңүз болот. Ал эми каттоо үчүн онлайн форманы толтуруу боюнча видеороликти testing.kg сайтынан көрсөңүз болот.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 22-ноябрдан 30-ноябрга чейинки убакытта өткөрүлөт. Кыргызстандын ЖОЖдоруна өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестинин жана мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыктары милдеттүү түрдө керек. Предметтик тесттер англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тестти каалаган санда тандаса болот, бирок абитуриенттер мында “канчалык көп болсо, ошончолук жакшы” принциби иштебестигин эсепке алышы керек. Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан предметтик тестти тапшырууга болбойт.

Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.

Негизги тесттин акысы – 470 сом,
Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 200 сом,
Ар бир предметтик тесттин акысы – 470 сом.

Бул сумманы РСК банкына төлөп, төлөө дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүү же дүмүрчөктүн номерин жана сумманы өздүк баракчасына киргизүү (жазуу) керек.

Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар, ошондой эле ББОУБдун төмөнкү телефон номерлерине чалыңыздар (Иш тартиби – 09:00 – 17:00, ишемби – жекшемби – дем алыш күндөрү): (0312, 0502, 0500, 0550,0770) 66-48-38. WhatsApp: +996 500664838

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Автор Эдита Ильясова
17:43 17.03.2026
0

Соңку күндөрү Куванычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырышты. Учурда алардын Жогорку Кеңештеги креслосу...

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:32 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы “Шейит мазарында” 2002-жылы болгон кайгылуу окуяда курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы...

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:34 17.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны...

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:29 17.03.2026
1

20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен, Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Айт намазын...

1-апрелден тарта «Дордой» базарынын аймагында жолдорду куруу иштери башталары маалымдалды

1-апрелден тарта «Дордой» базарынын аймагында жолдорду куруу иштери башталары маалымдалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:26 17.03.2026
0

16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дордой базарынын ичиндеги инфратүзүмдү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

08:09 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

08:29 17.03.2026
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

1
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

1
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү